Президент Садыр Жапаров 15-сентябрда иш сапары менен Тажикстан Республикасына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарындагы эл аралык аэропортуна конуп, аны траптан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторунда мамлекеттик туулар илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ЖККУнун жамаатытк коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: