Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы соода жана туризм тармагын бекемдөө максатында, Өзбекстан экспортчулар ассамблеясы жана Өзбекстандык бир топ ишкерлер менен инвесторлор «Датка Холдинг» компаниясы менен меморандум кабыл алынып жаңы долбоорлор башталды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Долбоорлордун негизги максаты эки эл ортосунда соода жана туризм тармагын жаңы деңгээлге чыгаруу.

Конокторду “Датка Холдинг” компаниясы менен “Улуттар биримдиги” партиясынын өкүлдөрү 14-сентябарь күнү тосуп алышты.

“Август айынын башында Өзбекстан тарап “Датка Холдинг” компаниясын расмий түрдө чакырган. Компаниянын вице президенти Алмаз Мавлянов менен «Альянс пресс» Эл аралык сайтынын башкы директору Дилноз Тапвалдиева Ташкентке барып Өзбекстан экспортчулар ассамблеянын башчысы Мухтар Умаров менен жолугуп меморандум кабыл алып келишкен. “Зиярат Тур”аталышындагы чоң туристтик фирма менен да келишим түзүп келгенбиз. Андан сырткары текстиль, азык-түлүк, нефти, строительный травертин чыгаруучу 5 чоң компания менен, бул боюнча келишим түзүп келгенбиз. Келгенден кийин, 5-сентябрда мэрия аркылуу аларды “Улуттар биримдиги” партиясы менен биргелешип “Датка Холдингке” чакырдык. Бизнести колдоо ассамблеясынын башчысы Ёркин Маликов Өзбекстан экспортчулар ассамблеясынын баш башкармасынын директору Муктар Умаров жыйырмадай делегациясы менен бизге келди. Биз аларага Датка Холдинг компаниясынан 2000 квадрат метр жер бөлүштүргөнбүз. (Алар Өзбекстанда жасалган мебелден баштап жаш балдардын кийимине чейин сатыла турган соода уйүн ачуу үчүн). Андан сырткары азык-түлүк боюнча “Апитутл” жана “Муса” деген чоң компаниялар келишти, алар менен да келишим түзүлдү. Эми аны биз мерияга тапшырабыз. Бул компаниялар келсе мамлекетке пайда алып келет. Кыргызстан менен Өзбекстан компаниялары биргеликте завод фабрика курушат. Курулган иш каналарда Кыргызстандыктар иштейт. “Улуттар биримдиги” партиясынын негизги максаты элди жумуш менен камсыз кылуу. Өзбекстан, Кыргызстандан дагы көмүр, нефти, арматура, цементке болгон талабы күчтүү. Бул нерселерди бизден алганы келишим түзүп кетишти. Өзбекстан менен мамиле жасоо “Улуттар биримдиги” партиясынын беренелеринде бар эле, ошону көтөрүп чыктык. Эки элдин арасындагы соода – сатык мамилеси “Улуттар Биримдиги” партиясы менен “Датка Холдинг” компаниясынын идеясы болгон”, – деди «Альянс пресс» Эл аралык сайтынын башкы директору Дилноз Тапвалдиева.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: