Мелисбек Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” элдик партиясы жана “Көзөмөл” коомдук кыймылынын башчысы Айбек Турганбаев парламенттик шайлоого биргелешип катышуу максатын билдиришти. Бул туурасында “Элдик медиага” “Улуттар биримдиги” партиясынан маалымдады.

“Улуттар Биримдиги” партиясы жана “Көзөмөл” бирикмесинин мүчөлөрү эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө биргелешкен салым кошуу үчүн күч -аракетин бириктирүүгө, анын ичинде мамлекеттин өнүгүшүнө байланышкан маселелердин укуктук, саясий жана социалдык аспектилерине таасир этүүгө ниеттенүүдө.

“Улуттар Биримдиги” саясий партиясы өзүнүн программасында негизинен адилеттүүлүккө басым жасагандыктан, көптөгөн позициясы мага туура келди. Биздин биригүүнүн максаттары бир, анткени көзөмөл – адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн бир түрү. Ар бир мамлекеттин туруктуулугу – социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр менен бирге, анын мыйзамдуулук абалынан көз каранды болот. Ал эми мыйзам катаал болгону менен бирок адилеттүү. Биздин Баш мыйзамда адилеттүүлүк бардык жарандардын мыйзам алдындагы теңдигине негизделген.

Адилетсиздиктин айынан көптөгөн социалдык маанилүү жана саясий катаклизмдер орун алып, Кыргызстандагы кырдаалдын курчушуна алып келгенин белгилей кетейин. Артка кылчайбай, өткөндү тарыхта калтырып, андан сабак алып, алдыга жылышыбыз керек. Акыркы саясий окуялар, коомдогу чагылгандай тез өзгөрүүлөр ар бирибизди азыркы реалдуулукка жана өзгөрүүлөргө даяр болууга мажбур кылды. Менимче, кыргызстандыктар ыкчам жана чыгармачыл болуп калышты. Эмне үчүн бул мүмкүнчүлүктөрдү эл аралык стандарттарга жооп берген бийлик менен коомдун ортосундагы заманбап мамилелерди түзүүнүн жана куруунун пайдасына колдонбош керек”, – дейт Айбек Калмакович.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: