Чүй облусунда “Арашан” тукумундагы кыргыз койлорунун көргөзмөсү республикалык деңгээлде болуп өттү. Анда Арашан” асыл тукум эт багытындагы койлордун бою, салмагын өлчөө боюнча фермерлер ортосунда конкурс уюштурулду.

Иш-чара Айыл, суу чарбасы жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен Жайыл районунун Ак-Башат айылында болду. Ага министрликтин, жеке фермерлер ассоциациясынын өкүлдөрү жана асыл тукум мал баккан тажрыйбалуу фермерлер катышты. Ошондой эле коңшу Казакстандан дагы алдыңкы фермерлер келишкен. Көргөзмөнүн максаты-асыл тукум кой чарбасын популяризациялоо, тажрыйба алмашуу, сандан-сапатка өтүү болуп саналат.

“Арашан” – асыл тукум койлордун жаңы породасы. Аны гиссар жана кылчык жүндүү кыргыз коюнун ортосунан чыгарышкан. Айрым фермерлер кээ бир кочкорлор коноктордун көңүлүн буруп, баасы көтөрүлүп жатканын билдиришти.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: