Бир күн мурда “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы менен “Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы” алдыдагы ЖКга шайлоого биргелешип катышуу тууралуу чечимин жарыялашты.

“Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясынын” лидери Артур Медетбеков “Элдик Медиага” билдиргендей, “КЭДП 2012-жылдан бери “Улуттар Биримдиги” менен саясий талаада иштешип келет”. Дал ошол партиялар Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодон кийин көпчүлүк коалициясын түзгөнүн түшүндүрдү.

Ошол эле учурда партиянын лидерлери Мырзакматов менен Медетбековдун түздөн-түз кызматташуусу 2010-жылдын июнь айында башталган. Анда генерал-майор Медетбековдун жетекчилиги астында “Альфа” антитеррордук бөлүгүнүн ардагерлеринин арасынан түзүлгөн бириккен отряды Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салууга катышкан, ал эми Мырзакматов түштүк борбордун мэри болуп турган.

КЭДП ошондой эле эки партия тең саясий күрөштө зомбулук жана мыйзамсыз ыкмаларды четке кагып, центристтик багытты карманат деп белгиледи.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: