Бүгүн, 22-сентябрда, ар кыл тармактын өкүлдөрүнө, өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына белгиленип, өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи болду.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевдин өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн түзүү жана чыңдоодогу эбегейсиз эмгегин белгиледи. Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевдин жакындарына «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы тапшырылды.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы дарыгер, мугалим, машыктыруучу, укук коргоочу жана башка ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык жемиштүү эмгеги, ошондой эле Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: