“Улуттар биримдиги” партиясынын тизмеси боюнча талапкерлигин койгон, учурда Ош шаардык кеңешинде депутаттык ыйгарым укутарын аткарып жаткан Нурлан Мурзахмедов алдыдагы Ош шаарынын өсүп-өнүгүшү үчүн эмнелерге көңүл буруу керектигин айтып, иш пландары тууралуу сөз кылды.

Эмне үчүн депутат болууну чечтиңиз?

“Азыркы учур өзгөрүүлөрдү жана жаңыланууну талап кылат. Ош шаарыбызды мындан да жаны деңгээлге чыгаруу, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуу жана ошондой эле эң негизгиси шаарыбыздагы көптөн бери чечилбей келген маселелерди чечүү бул мен үчүн өтө маанилүү. Мен жашмын, эми саясаттын босогосун аттадым десем болот, бирок менин вазийпам саясатчы болуу эмес, менин максатым чарбалык маселелерди чечип шаарыбыздын өнүгүүсүнө салым кошуу.
Биздин “Улуттар биримдиги” партиясы башка партиялардай болуп атын же принцибин өзгөртүп, составын жаңылаган жок. Лидери болсо туруктуу Мелисбек Мырзакматов. Илгертен жасап келген иштери, оозго алынып айта турган эмгектери бир топ. Мен ойлойм биздин команда өзүнүн тажрыйбасы менен шаарыбызга гана эмес, Кыргызстандын ар бир айыл шаарына үлгүлүү иштерди жасап элге пайдабыз тиет деп.

Улуттар биримдиги” саясий партиясынын Башка партиялардан артыкчылыгы эмнеде?

Улуттар биримдиги партиясы туруктуулугу менен айырмаланып турат. Аткарган иштери болсо көзгө көрүнүктүү башкалардай болуп, айтып анан жасабай койгон убадаларды бербейт. Мисалы эсиңерде болсо керек, 2010 – жылдан тартып 2014 – жылга чейин Ошто мугалимдер жана дарыгерлердин коммуналдык төлөмдөрү жергиликтүү бюджеттен төлөнүп келген, ошол эле учурда шаардык бюджет бир миллирад үч жүз миллион сомдон ашып, тилекке каршы ушул күнгө чейин ошол денгээлде кармалып келет”.

Алдыда кандай максаттарыңыз жана пландарыңыз бар?

“Ош шаарында көйгөйлүү маселе абдан көп. Жумушумду биринчи кезекте бала-бакчадан баштайм. Ал жактагы шарттар талапка жооп бербейт. Мисалга алсак, бала бакчаларга барсаң бир тайпада элүү же алтымышка жакын балдар окушат.
Экинчи маселе, базар шаардын ортосунда суунун боюнда жайгашкан. Жеке оюм боюнча базар шаардын четинде болушу керек. Анын ордуна жакшы парк же бир сейилдөөчү жай болушу керек”.

Депутат болуп туруп ишин аткара албагандарга эмне деп айтаар элеңиз?

“Андай депутаттар кимдер экенин эл жакшы билет. Эптеп ордун сактап калуу үчүн убактылуу депутат боло калып, мандат алып өздөрүнүн ишине кайтышкандар көп. Буга чейин муниципиалдык кызматта да иштеп, шаардык кеңеште да депутат боло калгандар көп эле. Учурда жаңы мыйзам боюнча бул экөөнүн бирөөсүн тандап иштеш керек болуп калды. Жаңы мыйзамдын чегинде депутат болууга жакшы шарт коюлду. Бул жолку шайлоонун жыйынтыгында жаш депутаттар көп шайланды. Эми жаңы өзгөрүүлөр да көп болот деп ишенем”, – дейт Мурзахмедов .

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: