Мелис Мырзакматов төрагалык кылган “Улуттар биримдиги” элдик партиясы жана Дмитрий Федоров башында турган “Мекендештер” кыймылы шайлоого бирге бара турганын жарыялашты. Кыргызстандын коомдук жана саясий жашоосуна, ошондой эле алдыдагы ЖКга шайлоого биргелешип катышуу үчүн өздөрүнүн күч-аракетин бириктиргенин “Улуттар Биримдиги” партиясынан маалымдады.

“Улуттар биримдиги” партиясы жана “Мекендештер” кыймылынын мүчөлөрү биргелешип иштөө жана эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууну көздөйт. Мындан тышкары, эки бирикме тең топтолгон потенциалды бийлик менен коомдун ортосундагы заманбап мамилелерди куруу үчүн пайдаланууга ниеттенип жатканын белгилешет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: