Лейлек районунун Жаштык айылынан эки өспүрүмдү Тажикстандын күч кызматкерлери 23-сентябрда кармап кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” балдардын биринин атасы – Азам Гапаров билдирген. Маалыматты айыл башчысы Өткүр Халиков да тастыктады.

Гапаровдун айтымында, алар такталбаган чек ара аймагында автоунаага жүк артып жаткан учурда кармалган. Учурда облус жетекчилигинин деңгээлинде жолугушуу болору күтүлүүдө.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди.

Бул окуя боюнча Тажикстан тарап расмий маалымат бере элек.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: