“Талибан” кыймылы Тажикстандын Ишкашим районуна өтүү үчүн чек арага жакын аймакта топтолуп турган ооган качкындарынан үйлөрүнө кайтып барууну талап кылып, болбосо катуу жазалана тургандыктарын эскертти.

Тажик чек арачыларынын айтымында, кеп Тажикстанга кирүүгө уруксат берилбеген ооган качкындары жөнүндө болууда.

“Озоди” радиосуна келген видеодон Ооганстандын түндүк-батышындагы Бадахшан провинциясы менен Тажикстандын Ишкашим району чектешкен аймакта жүздөгөн качкындар топтолуп турганын көрүүгө болот. Видеону тарткан “Бадахшан Плюс” каналынын блогери Абдулфаттох Азизи ал жерде 400гө жакын үй-бүлө бар экенин айткан.

“Абал өтө оор. Айрымдары баш калкалаганга эч нерсеси жок, бактардын алдына жайгашкан. Ымыркай балдардын абалын караңыз, бул чынында өтө кейиштүү”, – деген ал 27-сентябрда “Озоди” радиосунун кабарчысы менен сүйлөшкөндө.

Качкын үй-бүлөлөрдүн көбү Ооганстандын Панжшер, Парван жана Саманган аймактарынан келип, суу, тамак-аш жана дары-дармек жетишсиздигине кайыл болуп бир айга жакын убакыттан бери турушат.

Алар “Тажикстан качкындарды кабыл алууга даяр” деген маалыматтарды угуп келишкенин, бирок орто жолдо калышканын билдирүүдө.

Акыркы бир нече айдан бери Тажикистанда ооган качкындарынын маселеси талкуу жаратып келет. Июнь-июль айларында тажик бийлиги ондогон ооган аскери, анын ичинде 350дөй памирлик кыргыз өлкө аймагына өтүп келгенин, көбү кайра Ооганстанга кайтарылганын билдирген. Бирок талибдер бийликти басып алгандан кийин Ооганстандан келген качкындар тууралуу расмий маалыматтар жарыяланбай калган. Бийлик бул боюнча комментарий бербей, ооган качкындарынын жайгашкан жерин жашырып келет.

Европа биримдигинин (ЕБ) 14-сентябрдагы билдирүүсүндө 5 миңге жакын ооган качкыны Тажикстандын Хатлон облусуна жана Тоолуу Бадахшан автоном облусуна жайгаштырылганы айтылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: