Кечээ 3-октябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун борборунда “Кара – Кулжа ынтымагы” аталышындагы волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке Кара-Кулжа районунун айыл аймактарынан 500 дөй спорт сүйүүчүлөрү катышып, ар бири мыкты оюн көрсөтө алды.

Турнирде жалпы 16 команда өз күчтөрүн сынап, таңда башталган оюн кеч киргенде аяктады. Бул спорттук мелдеш Кара-Кулжа районунун кулуну, жеке ишкер, меценат – Курбанбек уулу Ноорузбек тарабынан уюштурулду.

Спорттук мелдеш Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, достук менен ынтымакты чыңдоо жана жаштарды колдоо максатында өткөрүлдү. Жыйынтыгында “Ылай – Талаа” айыл аймагынан келген команда жеңишке жетишти.

Ар бир катышкан команда акчалай сыйлыктарга жана кубокторго ээ болду. Катышуучулар мындан ары да ушундай иш чаралар өткөрүлүп туруусун, жаштардын спорт менен алек болгону – дени сак өлкөнүн келечеги экенин айтышты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: