“Улуттар биримдиги” элдик партиясынын тизмеси боюнча талапкерлигин койгон, учурда Ош шаардык кеңешинде депутаттык ыйгарым укутарын аткарып жаткан Хашим Ахмаджанов алдыдагы шаардын келечеги жана өсүп-өнүгүүсү үчүн эмнелерге көңүл буруу керектигин айтып, иш пландары тууралуу сөз кылды.

Учурдагы эл өкүлү катары сизде кандай пландарыңыз бар?

– Шаар бюджети көтөрүлсө өтө чоң пландар бар. Мисалы менин шайлоочуларым жашап жаткан Амир-Темир кичи шаарчасы шаарга карайт. Ал жакта 60 миң эл жашайт. Ошого жараша социалдык суроо талап күч. Айтайын дегеним ошол аймакта жашап жаткан калк 10 столба “10 шагал” үчүн кайсыл адам келбесин депутаттыкка шайлап бериши мүмкүн. Себеби аймак шаар четинде жайгашкандыктан айрым мэрлердин артынан социалдык көгөйлөр каралбай калган. Ошондуктан эл мисалы 2-3 күндө 2-3 саат таза суу иче алат. Свет өчөт. Азыр 21- кылым бирок элдер сапаттуу медициналык жардамга ал эми мектептерде санариптик тактайларга, компьютерлерге муктаж. Элден барып сурасаңыз булар жөнүндө эмес кадимки асфальт же жарыктандыруу жөнүндө сөз ачышпайт. Себеби ишеним жок. Эл алданып чарчады. Менин вазийпам биринчиден элдин социалдык суроосун канааттандыруу болду. 30 жылдан бери келген көйгөйлөрдү бир күндө чечүү мүмкүн эмес бирок бизди салык төлөөчү шайладыбы? Биз ал салык төлөөчүнүн муктаждарын чечип берүүбүз керек.

– Сиз шайланган аймакта көйгөйлөрдү мисал катары айтып бере аласызбы?

– Амир-Темир шаарчасына 150 же 200 дөй столба керек. Аны сатып алса 1 миллион акча кетет. 1 миллион акчаны эгемендүүлүккө 30 жыл болгон болсо, ушул столбага жетпейбиз. Ушул нерсеге көңүл буруу жок. Кызыгы качан шайлоо болгондо гана ушул нерсеге көңүл бурулат. Мен аттарын атабайм бирок айрым адамдар, бир трансформатор бир столба коюп туруп эле депутат болуп кетишкен. Бул эмнени билдирет? Элдер жөнөкөй эле нерсе үчүн добушун берип келишет. Дагы бир мисал айтсам күлөсүңөр. Биздин аймакта Союз мезгилинде казылган мектептин “чуңкуру” (котлованы) бар. Ар бир шайлоо алдында ушул объектке 1-2 миллион сом бөлүнөт. Кадимкидей кран келет, усталар келет иш кызуу жүргөндөй көрүнөт. А бирок шайлоо бүтүшү менен краны да усталары да жер жуткансып жок болуп, ошол чуңкур ошол боюнча калат. Эл ушул нерседен чарчады.

Депутат катары кандай сунушуңуз бар?

Депутаттар азыркы мэр – Алмазбек Мамбетовду шайлап жатканда шаардын бюджетин көтөрүү боюнча мен мындай сунуш бергенмин: Бүгүнкү күндө Ош шаарында иштеп жаткан курулуш компаниялардан 1 жылда 500 миллион сомго жакын салык алса болот. Ал үчүн курулуш компаниялар ар бир куруучусун официалдуу түрдө ишке алып, мамлекетке салык төлөөсү керек. Себеби көп кабаттуу үйлөрдө 50 адам иштесе анын бешөөсү гана социалдык фондко акча төлөйт. Ош шаарында 2009-2014-жылдары шаар ошондогу мэр Мелис Мырзакматов шаар бюджетин 2 жыл ичинде  1 миллиард 250 миллонго көтөргөн. Мырзакматов кеткенине 7 жыл болсо, шаар бюджетине араң 100 миң сом кошулуптур. Андан кийин эки мэр келип иштегенден кийин бюджетке 100 миң сом кошулганын өтө аз деп эсептейм. Себеби андан бери канча соода точкалары, поликлиникалар, жеке менчик лабораториялар курулду. Бирок бюджет ошол боюнча дээрлик өзгөргөн жок. Ошондуктан жаңы мэрге депутаттар биргелешип айтып, бюжджетти көтөргөнү түрткү беришибиз керек.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: