4-октябрда “Намыс жана Тартип” саясий партиялардын Коалициясы түзүлдү. Анын курамында: Мелис Мырзакматов лидерлик кылган “Улуттар биримдиги” элдик партиясы, Артур Медетбековдун жетекчилиги астындагы “Кыргызстан Элдик-Демократиялык” партиясы, Феликс Кулов башкарган “Ар-Намыс” партиясы жана Сайитжан Эратов төрагалык кылган “Мекен сакчысы” коомдук бирикмеси, Дмитрий Федоров жетектеген “Мекендештер” КБ, Айбек Турганбаев жетекчилик кылган “Көзөмөл” бирикмеси, Кубанычбек Исабеков төрагасы болгон “Элдик көзөмөл” коомдук бирикмеси бар.

Коалиция Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын шайлоосуна катышуу максатында «Улуттар биримдиги» партиясынын атынан барат. Ал эми “Ар-Намыс” саясий партиясынын төрагасы Феликс Кулов Коалициянын лидери болуп шайланды. Ал Коалициянын лидери болгондугуна байланыштуу депутаттыкка ат салышуудан баш тартат.

“Намыс жана Тартип” Коалициясы кыргызстандыктардын улуттук коопсуздугун жана укук тартибин жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашырууну көздөйт.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: