Жоламан Шаршенбеков Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.

Ал бүгүн, 8-октябрда эркин күрөш боюнча 60 салмакка чейинки категорияда күч сынашып баштаган.

Шаршенбеков 1/8 финалда белоруссиялык балбанды 2:0 эсебинде уткан. Ал эми ¼ финалда грузиялык Ираклий Дзимистаришвили менен күрөшүп, жеңишке жетишип, жарым финалга жолдомо алган.

Шаршенбеков жарым финалда азербайжандык Мурад Мамедов менен беттешип, аны 4:2 эсебинде жеңди.

9-октябрда финалдык беттеште Шаршенбеков молдовалык Виктор Цебану менен күрөшөт. Жоламан аны менен Токио Олимпиадасында кез келип, утулуп калган.

Финалдык беттеш 9-октябрда Бишкек убакыты боюнча саат 22:00дө башталат.

60 кг чейин

1/8 финал

Максим Казарски (Белоруссия) — Жоламан Шаршенбеков – 2:0

1/4 финал

Жоламан Шаршенбеков — Ираклий Дзимистаришвили – 5:2

1/2 финал

Жоламан Шаршенбеков — Мурад Мамедов (Азербайжан) – 4:2

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: