“Содружество народов Кыргызстана” саясий партиясынын өкүлү Надежда Ладожинская менен болгон бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин, “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов шайлоого биргелешип катышуу үчүн биригүүнү чечти.

Надежда Ладожинскаянын айтымында, 28 -ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоого катышууга ниеттенген бардык партияларды программаларын карап чыгуу менен “Улуттар Биримдиги » партиясы менен биригүүнү туура көрүшкөн.

Биз “Улуттар Биримдиги” саясий партиясы иште чоң тажрыйбага ээ экенин, өлкөнүн түштүгүндө гана эмес, бүгүнкү күндө борборубуз Бишкекте да чоң саясий күч катары айтылып жатканын жакшы билебиз. Натыйжада эки партиянын өкүлдөрү тең өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабайт деген жалпы пикирге келдик. Өлкөнү жандандыруу жана жарандарыбыздын жашоосун жакшыртуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга ниеттенебиз. Өлкөдө улуттар аралык ынтымак болгондо, мамлекет интернационалдык жана достук мамиледе болгондо, мамлекет да күчтүү болот ”, – деди “Содружество народов Кыргызстана” саясий партиясынын төрайымы Надежда Ивановна Ладожинская.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: