Бүгүн, 11-октябрда “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын кезектеги IV съезди болуп өттү. Анда партиянын шайлоо программасы жана КР Жогорку Кеңешине шайлоого аттанган талапкерлердин тизмеси бекитилди. “Улуттар Биримдигинен” талапкерлердин тизмесин партия лидери Мелис Мырзакматов жетектейт. Ошондой эле Андрей Иванов, Бейшенбек Болотбеков, Сайитжан Эратов, Артур Медетбеков жана Надежда Ладожинская тизменин алдыңкы сабына кирди.

Съездге өлкөнүн ар аймактарынан келген 100дөн ашуун делегат катышып, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана башка партиянын лидерлери конок катары чакырылган.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мелис Мырзакматов сөз сүйлөп, партиянын тагдырына туш болгон сыноо жылдарда партиянын коломтосу өчпөстөн, тескерисинче чыйралганын белгиледи.

“ “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы, башына түшкөн далай татаал кырдаалдарга карабай, өзүнүн партиялык принциптеринен кымындай да тайган жок”, – деди партия лидери. “Акылман элибиздин “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген сөзүндө калет жок экен. Бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, мына бүгүн сиздер менен биргеликте өлкөбүздүн келечегин аныктай турган маселелерди талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алаганы турабыз”, – деп кайрылды Мырзакматов.

Ал эми “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов “Улуттар Биримдиги” партиясы парламентте өз ордун табарына ишенерин белгиледи.


Белгилей кетсек, 4-октябрда “Намыс жана Тартип” саясий партиялардын Коалициясы түзүлгөн. Анын курамында: “Улуттар биримдиги” элдик партиясы, “Кыргызстан Элдик-Демократиялык” партиясы, “Ар-Намыс” партиясы, “Содружество народов Кыргызстана” саясий партиясы жана “Мекен сакчысы”, “Мекендештер”, “Көзөмөл”, “Элдик көзөмөл” коомдук бирикмелери бар.

Макала жактыбы?

НетДа
4
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: