28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышууга “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы БШКнын каттоосунан өттү. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы тастыктады.

Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 54 болсо, алардын ичинен 38и (70 %) эркек,16сы аял (30 %) .

“Улуттар Биримдигинен” талапкерлердин тизмесин партия лидери Мелис Мырзакматов жетектейт.

Ал эми партиянын алдыңкы тизмесине Артур Медетбеков, Бейшенбек Болотбеков, Надежда Ладожинская, Андрей Иванов, Сайитжан Эратов кирди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 11-октябрында “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын кезектеги IV съезди болуп өткөн. Съездге өлкөнүн ар аймактарынан келген 100дөн ашуун делегат катышып, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана башка партиянын лидерлери конок катары чакырылган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: