Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 23 партиянын ичинен 9у шайлоо күрөөсүн төктү. Бул тууралуу БШКдан билдирди.

Алар:

  • «Альянс»;
  • «Бүтүн Кыргызстан»;
  • «Ыйман Нуру»;
  • «Азаттык»;
  • «Ынтымак»;
  • «Ата Мекен»;
  • «Улуттар Биримдиги»;
  • «Ишеним»;
  • «Ата Журт Кыргызстан».

БШКдан билдиргендей аты аталган 9 партия, 13-октябрга чейин шайлоо күрөөсүн төгүшкөн.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоонун жаңы эрежесине ылайык, пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча 36 депутат шайланат.

Бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз менен кайрылгандар 381 адам болду. Алардан арыз кабыл алуу 13-октябрда токтоду, каттоо 29-октябрда жыйынтыкталат.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: