Энергетика жана өнөр-жай министрлиги Кыргызстанда 15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн белгиленген тарифтерди жарыялады.

Министрлер кабинети бекиткен тарифке ылайык, калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77 тыйындан төлөйт.

Мекеме-уюмдар, ишканалар, компаниялар үчүн тариф иштин мүнөзүнө жараша 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин бааланат.

Жылуулук энергиясына болгон тарифтер калк үчүн азыркы деңгээлде 1,134,76 сом/Гкал өлчөмүндө сакталат.

Ысык суу менен камсыздоонун тарифтери 981,76 сом/Гкал өлчөмүндө азыркы баасында калат.

Башка керектөөчүлөр үчүн:

– жылуулук энергиясы – 1 802 сом/Гкал;

– ысык суу менен камсыздоо – 1 802 сом/Гкалды түзөт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: