Казакстанда тонналаган сабиздер жана картошкалар талаага ыргытылды. Бул тууралуу интернет колдонуучулары видео жарыялап, бул ысырапкорчулук экенин белгилешкен.

“Биздин өлкөдө мыйзам жана тартип жок. Ал тургай жогорудагылардын мээси айнып калгандай. Себебин сактоочу кампа жок деп айтышууда. Натыйжада тонналаган сабиздер талаага төгүлдү. Өлкөнүн батышында мал кырылып жатат. Бул эмне деген шумдук, балык башынан башчынын чирийт. Бул эки башчынын бири-бирине шылтаганынан болуп жатат”, – деп билдирген фейсбук колдонуучусу Абибулла Дуйсенбаев.

Ал эми тасмада көрүп тургандай, жергиликтүү тургундар ыргытылган сабиздерди терип алып кетип жатканын көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда сабиздин баасы 100-120 сомго чейин чыккан.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр беш айда 13 миң тонна экспорттолсо, быйылкы жыл башынан тартып 31 миң тонна сабиз сыртка сатылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: