18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардагы муниципалдык мекемелердин жетекчилери менен биргеликте атайын жүк ташуучу унаа менен шаар кыдырып, калаа көчөлөрүн текшерди жана айрым маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Иш -чаранын соңунда А.Мамбетов Ош шаарынын борбордук базарында болуп, Райымбеков көчөсүнүн соодагерлери менен жолугушту. Ал жерде тийиштүү органдардын жана кызматтардын жетекчилерине стихиялуу соода болгон жерлерди иретке келтирүү, аларга тиешелүү шарттарды түзүү, соодагерлер үчүн ылайыктуу жерди табуу керектигин айтты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: