УКМК тарабынан “пара талап кылуу” фактысы боюнча КР Президентинин Администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы “А.Т.Б.” кармалды. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдарды тактоо жана бекитүү тартибинде коррупциянын белгиленген схемасы түзүлгөнү такталды.

КР Президентинин Администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы “А.Т.Б.” кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында, соттолгон адамдын маселесин оң тарапка чечип, ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп “С.Н.” аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды.

2021-жылдын 18-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 170 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен “А.Т.Б.” кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Азыркы учурда тергөө жүрүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: