“Улуттар Биримдиги” элдик партиясына ачык түрдө кара ниеттик иштер башталганын аталган партиянын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин Акипресс басылмасында, “Ата -Мекен”, “Улуттар Биримдиги” жана “Реформа” партиялары курултайда белек жана акча тараткан деген маалымат текшерилип жатканын жарыяланган.

“Улутттар Биримдигинен” билдиргендей, мындай маалымат 11-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнин КЖБРне каттоого алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө “Шоро” компаниясынын күзөт кызматынын жетекчиси Юсупов И. В. суракка алынып, ал эч кандай курултай өтпөгөнүн айткан. Кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу териштирүүлөр токтотулган.

Бирок, “Улуттар Биримдиги” партиясынын шайлоо штабы (“Намыс жана Тартип” Коалициясы) таза эмес атаандаштар тарабынан ачык каралоо болуп жатат деп эсептейт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: