УКМК тарабынан, “Адамдардын тобу тарабынан пара алуу” негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин стабилдүү коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

“Достук-автодорожный” көзөмөл-өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин көзөмөлү астында чек арадан өтүп жаткан жарандардан, негизинен Өзбекстандын жарандарынан жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалоо менен системалуу түрдө акча алып турушканы аныкталды.

2021-жылдын 19-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Достук-Автодорожный постунун башчысы «А.Э.», КР УКМКнын Ош облусу боюнча Чек ара башкармалыгынын башчысы “Ч.Н.”, ошондой эле КР УКМКнын Чек ара кызматынын Генералдык штабынын башчысы – Чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары “КБ” кармалды. Кармалгандардын баары УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ишти иликтөө уланууда, бул жагдайларга тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: