«Улуттар биримдиги» элдик партиясынын тизмеси боюнча талапкерлигин койгон, учурда Ош шаардык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарып жаткан Роза Жоошбаева Ош шаарындагы көйгөйлөр тууралуу жана аны чечүү жолдору боюнча ой бөлүштү.

“Улуттар биримдиги» партиясын тандадоонун башкы себептери кандай?

“Партия – бир идеяны колдоп, элдин кызыкчылыгын туудуруп бир максатты көздөгөн саясий уюм. «Улуттар биримдиги» элдик партиясынын 10 жылдан ашык тарыхы бар, туура идеология жана туура багыт менен жашаган, өз принциптеринен кайтпаган партия. Эң башкысы лидер элдин жүрөгүнүн төрүнөн орун алган. Мен Улуттар биримдиги партиясын бүгүнкү күндө тандоого жана ишенүүгө татыктуу деп таап, ошол партиянын мүчөсү болгонума сыймыктанам”.

Ош шаарынын өнүгүшү үчүн эмнени өзгөртүү керек деп ойлойсуз?

Эми башынан баштап айта турган болсок – Ош шаары 30 кылымды каарыткан, ошол эле учурда мамлекетибиздин экинчи борбор шаары болуп, старатегиялык мааниси өтө чоң, көп улуттуу шаар болуп эсептелет. Көйгөйлөрүбүз да бар, ошого жараша көп пландарыбыз да бар. Эң чоң өзгөртүүчү нерсе бул – система. Ооба, системаны өзгөртүш кыйын. Аны түп тамыры менен өзгөртүп, жаңылоо татаал, бирок кылса болот. Өзүбүздүн каалообуз менен ар бир жараныбыз колдосо жакшы нукка өзгөрүү оңой болот. Мыйзамга туура келген система менен иштеп, шаарыбыздын бюджетинин чоңоюшуна салым кошушубуз керек”

Депутат кандай сапаттарга ээ болушу керек?

“Депутат – бул жарандардын каалоосу, тандоосу менен дайындалган элдин кызыкчылыгын жана элдин укугун конституциянын негизинде коргогон политикалык жүз. Мен Ош шаарынын тургундарынын ишенимин актап, партиянын программасынын негизинде иш алып барганга даярмын.

Эл өкүлү катары алдыда кандай пландарыңыз бар?

Жеке өзүм аял катары, эне катары Ош шаарынын энелеринин, жалпы эле аял затынын коомдогу ээлеген ордун, үй-бүлөдөгү ойногон ролун жогорку деңгээлге чыгаргым келет. Жаш өсүпүрүм кыздардын тарбиясын, алардын ден соолугун моралдык жана психологиялык жактан түздөп, социалдык маселелерге көңүл буруп, көйгөйлөрдү чечүүгө жана татыктуу өзгөрүүлөргө чоң салым кошоюн деген пландарым бар”, – деп билдирди Жоошбаева.

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: