“Эдил Байсалов бираз эмоцияга алдырып койду”. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Ооба мен да көрдүм аны, бираз эмоцияга алдырып койду. Ал оюн туура эмес жеткирип алды. Буга чейинки системада дайыма парламент өктөмдүк кылып, аткаруу бийлиги аларга кызмат кылып келген болчу. Эми биз силерге эмес, элге кызмат кылабыз деген эле ойду айтайын деген болчу Байсалов. Ал эми биз 40-50 депутат менен иштешебиз дегени туура эмес, алар элдин өкүлү, биз баары менен иштешүүгө даярбыз. Биз оппозиция менен да, башкалар менен да иштешип жатабыз. Мен мисалы баары менен иштешип жатам», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: