Бүгүн, 26-октябрда саат 11:00гө карата «Империя пиццы» кафесиндеги тамак-аштан ууланып, Бишкек жана Чүй облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелерине жардам сурап кайрылган адамдардын саны 179га жетти. Алардын ичинен 18и — жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бүгүнкү күндө 179 адамдын ичинен 50 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен:

– темир жол ооруканасында 13 жабырлануучу;

– Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасында 12 жабырлануучу;

– Улуттук госпиталда 24 жабырлануучу;

– Ысык-Ата жалпы дарыгерлик практика борборунда 1 жабырлануучу бар.

Алардын абалы канааттандырарлык. Калган жабырлануучулар медициналык жардам алгандан кийин үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү.

Учурда Бишкек шаарындагы «Империя пиццы» кафелери эпидемиологиялык иликтөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин жабылды.

Андан тышкары Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун кызматкерлери республикадагы бардык тамактануучу жайларды текшермей болушту.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 884