Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев дүйнө салды. Байжиев бүгүн, 29-октябрда Бишкекте 86 жаш курагында каза болгонун маркумдун жакындары кабарлашты.

«Манас» орденинин кавалери, прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссёру, адабиятчы Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад облусунда туулган.

Ал орус жана кыргыз тилдеринде жазган сынчы, котормочу катары да таанылган.

Байжиев «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесаларынын автору. «Эрөөл» пьесасынын сюжетине эки опера коюлган. «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасын жазган.

Калемгердин драмалык чыгармалары ондогон чет мамлекеттердин театрларынын репертуарына кирген. Байжиевдин сценарийи боюнча «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», «Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер, аңгемелери боюнча башка студияларда да кыска метраждуу бир нече көркөм фильм тартылган.

Маркум «Седеп» фондунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты, Кино академиянын президенти болгон. Драматургдун балалыгы, жаштык кези, чыгармачылык тагдыры да татаал, карама-каршылыктуу болуп, балалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарына туш келген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 052