“Бүгүнкү күндө боло турган шайлоо, жөнөкөй шайлоо эмес, Кыргызстандын тагдырын чече турган өтө чоң сыноо”. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур “Эл ынтымагы кыймылынын” “Ойлон, сатылба, алданба” тематикасындагы тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында бул шайлоодо баш аламандык дагы чыгып кетиши мүмкүн.

Бүгүнкү күндө боло турган шайлоо, жөнөкөй шайлоо эмес, Кыргызстандын тагыдырын чече турган өтө чоң сыноо. Бул шайлоодо Кыргызстандын тагдыры чечилиши мүмкүн, себеп дегенде бул шайлоого шылтоо кылып, биздин чечилбеген экономикалык проблемаларды кошуп туруп, бир чоң баш аламандык дагы чыгып кетиши мүмкүн, буга эч ким кепилдик бере албайт. Экономикалык кризистерди баарыңар билесиңер, бул энергетика кризиси, азык – түлүк кризиси ошол эле бензин кризиси ар бир жаранга кадимкидей таасири тийип атат. Байкуш биздин жарандар айла жоктон, 1000-2000 сомго алданып сатылып кеткен учурлар бар”, -деп билдирди Медетбеков өз сөзүндө.

Андыктан туура позиция коюу үчүн, биринчи кезекте өкмөт иштеши керек экендигин Медетбеков кошумчалады.

Туура позиция коюу үчүн, биринчи кезекте өкмөт иштеши керек. Бийлик биздин шайлоонун, тынч так өтүшүнө чоң салымын кошуш керек. Эгерде бийлик ушул шайлоодо, өзүнүн позициясын өзүнүн иштеген иштерин, толугу менен актабай үстүртөн карап тагырагы кээбир партия, кандидаттарды жакындатып, кээбирлерин алыстата турган болсо, бул шайлоонун аягы абдан бир жамандык менен бүтүп калышы мүмкүн. Ошол үчүн биздин бүгүнкү негизги максат, ушул шайлоону тынчылыкта, стабилдүүлүктө эң негизгиси Кыргызатндын бүтүндүгүн ойлоп ошонун негизинде өткөрүш керек”.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.

Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия, бир мандаттуу округдардан 312 талапкер катталган.

Видео: “Нехт ТВ”

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: