“Кумтөр – акталбаган үмүттөр” китебинин жана “Кылымдын улуу кылмыш” аттуу документалдуу тасманын бет ачаары болуп өттү. Ал эми китептин автору, коомдук ишмер Кубанычбек Исабеков Кумтөр кенине байланыштуу өзүнүн 16 жылдык изилдөөлөрүн китепте кеңири баяндап бергенин белгилеп, элдин ырыскысына жаралган байлыктар, элге иштеши керектигин баса белгиледи. Анткени Исабековдун айтымында, бүгүнкү Кумтөрдөгү мафия, коррупция дагы деле уланып жатат.

“Бүгүнкү Кумтөрдөгү мафия, коррупция дагы деле уланып жатат, коронавирустай болуп жайылып залалын көрүп атабыз. Бүгүнкү күндө Кумтөр иштеш керек. Бийликтин тышкы көзөмөл киргизгенин колдоймун, бирок тилекке каршы акыркы сот процесстеринде утулуп атат уткан дагы фактылар бар, жыйынтыгы биздин мамлекетке чечилиши керек. Центеррадан чыгып кетпейсиңерби деп президентке да, өкмөткө да, сунушту жазуу жүзүндө дагы ,оозеки түрүндө дагы айттым”, -деп билдирди Кубанычбек Исабеков өз сөзүндө.

Аталган даректүү тасманын режиссеру Руслан Машрапов өз сөзүндө Кумтөр көпчүлүк саясатчылар үчүн “саясий стимулятор” болуп калгандыгын баса белгилеп өттү. Мындан улам, ал режиссерлор тарыхчылар, журналисттер тарых үчүн кийинки урпактарга туура маалымат калтырып кетишибиз керек деп эсептейт.

“Эгерде бир убакытта тарыхчылар болбосо Византия, Египет, Рим империясы же болбосо өзүбүздүн кыргыздын санжырасы жөнүндө билбей калмакпыз. Ошол үчүн ар бир убакытта жасалган, кандай иштер болбосун афера болобу, тарыхчылар тарабынан болгону болгондой айтылып, жазылып келечек урпактарга калтырылышы керек, айрыкча ушундай Кумтөргө окшогон маселелер. Себеби Кумтөрдү ар ким өзүнүн кызыкчылыгына, өзүнүн деңгээлине ылайыкташтырып айтканды жакшы көрүшөт. Андыктан биз журналисттер, режиссерлор, жазуучулар тарых үчун болгонун болгондой калтырууга аракет кылышыбыз керек”, -дейт Машрапов .

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында Кумтөр боюнча эң көп маселе көтөргөн жана эң көп соттошкон (45 жолу соттошкон) Кубанычбек Исабеков болду. Ал эми анын “Кумтөр – акталбаган үмүттөр” китебинде Кыргызстандын эң ири кен байлыгы болгон Кумтөр алтын кенинин эл аралык мафияга кандайча жем болгондугу, аларга кимдер жардам бергендиги ачык айтылат. Кыргыз элинин маңдайына бүткөн байлыкты талап-тоноого өлкөнүн биринчи президенти баштап кантип катышкандыгы, өкмөт башчылары жана башка аткаминерлер ага кантип жардам беришкендиги документтер менен далилденип келтирилген.

Китептин автору Кубанычбек Исабеков буга чейин 2012-жылы да “Кумтөрдөгү “алтын” мафиясы” китебин чыгарган. Эки китеп автордун докторлук илимий ишинин изилдөөлөрүнүн обьектиси болуп саналат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: