Аргентинанын тургуну атайын дары-дармексиз жана башка эмдөөнүн жардамысыз “ВИЧ” вирусунан айыгып кеткен экинчи адам болуп калды. Бул тууралуу “Би-Би-Си” жазып чыкты .

Дарыгерлердин айтымында, илдетке кабылган аялдын иммундук системасы өзү вирустан арыла алган. Ички оорулар архивинин маалыматы боюнча, анын миллиарддан ашык клеткасынын анализи инфекциянын бар экенин көрсөткөн эмес.

Эксперттер эгер организм вирустан кантип арыла алгандыгын аныктап, бул процессти кайталай алса, бул ВИЧке каршы эффективдүү дарылоону түзүүгө, ал тургай ооруну толугу менен жок кылууга алып келет деп үмүттөнүшөт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 528