Борбордук шайлоо комиссиясы эки эскертүү берилгенден кийин талапкерди шайлоодон четтетүү тууралуу маселени мыйзам бузуунун оордугуна жараша карайт. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Медина Кутбердиева Боршайком эскертүү берүүдөн тышкары Шайлоо мыйзамынын 28-беренесине ылайык, үгүт өнөктүгү учурунда бийликти басып алууга, этникалык араздашууга чакырык болсо, добуш сатып алуу, административдик ресурс фактылары катталса, талапкерди же партияны шайлоодон четтетүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн экенин белгиледи.

23-ноябрда буга чейин жазуу жүзүндө эскертүү алган №20 Манас округунан депутаттыкка талапкер Дастанбек Жумабековго эки айып пул салынды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: