“Соңку 6 жыл аралыгында саналуу гана депутаттар дайыма эл тарапта болду. Алар калктын үнүн угуп, өкүлчүлүк милдетин мыкты аткарышты. Мына ошол адамдар бүгүн “Альянс” партиясы менен Парламентке бара жатат”. Бул тууралуу Жанар Акаев Бишкекте шайлоочулар менен жолугушканда айтты.

Ал эл өкүлүнүн негизги миссиясы элди угуп, чындыкты Өкмөткө, Президентке жеткирип туруу экенин баса белгиледи. Айтымында, депутаттардын ыйгарым укуктары кыскарганы менен, Парламентте калыстыктан, адилеттиктен тайбаган депутаттар керек. Тилекке каршы, эл өкүлдөрү өз милдеттерин так, туура аткарбаганы үчүн шакаба, күлкүгө айланып жатат.

Тең төрага шайлоо системасын түп тамырынан бери өзгөртүүгө салым кошкондордун сап башында альянсчылар турагын баса белгилеп, элге тандоо укугун кайтарып бергенин сыймыктануу менен айтты.

“Преференциалдык добуш берүү ыкмасын киргиздик. Мурун партияны гана шайласаңар, азыр анын ичинен жаккан талапкерди тандап аласыңар”, – деди Акаев.

АЛЬЯНС – 3 – БИР КҮЧ!
Жанар Акаев – 2

Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы

Нускасы: 1

Чыгарылган күнү: 2021-жылдын 24-ноябры

«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК).

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: