Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрдагы жыйынында «Социал-демократтар» партиясынын курамы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган Рыскелди Момбековдун каттоосун жокко чыгарды.

Мындай чечимди БШКнын 10 мүчөсү кабыл алды.

Буга чейин УКМКнын тергөөчүсү Момбеков Кыргыз улуттук университетинин дипломун жасалмалоого шектелип жатканын билдирген.

Момбековдун үстүнөн 2020-жылы 5-мартта Бакыт Шаршенбиев аттуу жаран арызданган.

Тергөөчүлөр Улуттук архив фондунан Момбековдун диплому тууралуу маалымат берүүнү суранышкан. 2020-жылы 16-мартта Архив фондунан жооп келген. Анда КУУнун диплому Момбековго таандык эмес экени, дипломдун номуру башка адамга берилгени айтылат. Бул Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын диплому да жасалма документтин негизинде алынганын билдирет.

«Эгерде мен дипломду жасалмаласам, элден кечирим сурап, өзүмдү атып салмакмын», – деп жооп берген Момбеков.

Булак: “Баракелде

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: