“Альянс” партиясынан депутаттыкка талапкер Сейтек Качкынбаев шайлоочулар менен болгон жолугушууда Кыргызстан-Кытай темир жолу долбоору жолго коюларын айтты.

“Канча жылдан бери Кыргызстан-Кытай темир жолун куруу боюнча талкуу болуп келет. Мен парламентке шайланып келе турган болсом, алдыңкы беш жылдыкта депутаттык комиссия түзүп, темир жолдун салынышына салым кошууга убада берем. Бирок “кытайлыктар каптап кетпейби?” деген суроо жаралышы мүмкүн. Андан коркпош керек. Буга чейин монголдор кыргыз элинен 6 эсе бай жашаарын айткам. Анын сыры Улан-Батор – Пекин темир жолунун курулушунда. Алар темир жол аркылуу дүйнөлүк соодага түз чыгышат. Деңизден кийинки арзан транспорт – бул темир жол. Кыргызстан кааласа да, каалабаса да дүйнө жүзү менен соода кылышы керек. Ошондо жок дегенде 500 000 жаңы иш орундары түзүлмөк. Орусиядагы мигранттардын мекенине кайтып келишине мүмкүнчүлүк түзүлөт эле”, – деди Качкынбаев.

АЛЬЯНС – №3  – БИР КҮЧ!

Сейтек Качкынбаев – №23

Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 24-ноябрь, 2021-жыл.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: