“Альянс” саясий партиясынын талапкери Юлия Джаналиева сапаттуу билим заман талабы экенин шайлоочулар менен болгон жолугушууда билдирди. Ал агартуу тармагы реформалоого муктаж экенин айтып, системаны толугу менен алмаштыруу керектигин баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө өлкө аймагында мектептер жана квалификациялуу мугалимдер жетишсиз. Айрым класстарда 50дөн бала окуйт. Азыр эч ким мугалим болгусу келбейт, анткени 10 000 сомдун тегерегиндеги жарыбаган айлык алышат. Китептер дагы жетишпейт, ал эми Кыргыз билим берүү академиясы чыгарган окуу китептеринде каталар көп”, – деди талапкер.

Юлия Джаналиева окуу-тарбиялык комплексинин негиздөөчүсү катары 7 жыл бою көптөгөн балдар үйлөрү менен карылар үйлөрүн колдоп келген. Бул арада аялуу катмардан 50дөн ашык жаран жеңилдетилген түрдө сапаттуу билим алууга жетишкен. 

Талапкер шайлоочуларды сапаттуу билим берүүнү жайылтууга үндөп, ал үчүн татыктуу, билимдүү жана тажрыйбалуу альянсчыларга добуш берүүгө чакырды.

Альянс №3 – БИР КҮЧ!

Юлия Джаналиева – №12

Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. «Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК). Чыгарылган күнү: 24-ноябрь, 2021-жыл.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: