Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 26-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жалал-Абаддын кээ бир райондорунда, Талас облусунда жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн 0…+5

күндүз +3…+2

Талас облусунда

түнкүсүн -3…+2

күндүз 0…-5

Баткен облусунда

түнкүсүн 0…+5

күндүз +1…+6

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн 0…+5

күндүз +1…+6

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн -2…-7

күндүз +3…+8

Нарын облусунда

түнкүсүн -5…-10

күндүз +2…+7

Бишкек шаарында кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз 0…+2 градуска жетет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 470