Бүгүн, 25-ноябрда Ош шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында шаардык коомдук транспорттордо жүрүү үчүн жол акысын кымбаттаттуу маселеси каралды. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жол акысынын көтөрүлүшүнө күйүүчү майдын жана автоунаа тетиктеринин кымбатташы себеп болуп жатканын жана мындан улам көпчүлүк айдоочулар каттамга чыгуудан баш тартканын билдирди. “Ага ылайык жол акысын жогорулатуу зарылчылыгы жаралды”, – дейт Жунусбаев.

Ал эми “Улуттар биримдиги” партиясынан шаардык кенештин депутаты Максат Маматкулов учурда шаар тургундарына кызмат көрсөтпөй, бузулуп жаткан 12 автобус тууралуу маселени айтып, муну тийиштүү органдар текшериши керектигин айтты.

“2016-жылы Ош шаарына 30 автобус алынган. Анын жалпы чыгымы 2 млн 600миң евро болгон. Азыркы учурда анын 12си жараксыз. Азыркы курс менен эсептегенде бир автобус бизге 100 АКШ долларына түшөт экен. Автобустар эки жыл гана иштеп, андан кийин жараксыз болгон. Муну прокуратура кимдин маалында, кайсы мэрдин маалында, ким буюртмачы болгон, тендерди ким утуп алган деген жагдайларды тыкыр иликтеп, чара көрүшү керек. Анткени бюджеттен 1 млн 800 миң еврого биз аркага кетип жатабыз”, – дейт Маматкулов.

Аталган партиядан дагы бир депутат Данияр Абдуллаев окуучуларга жана пенсионерлерге коюлган жол акы тарифин өзгөртүүсүз калтыруу сунушун бергендигин кошумчалады. Ошондой эле коомдук транспорттордун айдоочуларынын иш убактысы кечки саат 21.00гө чейин узартылышы керек деп белгиледи.

“Анткени жаштар, окуучулар сабактан чыккандан кийин таксиге акчаларын кетирбеши үчүн, 20 сом төлөп болсо да коомдук транспортто кетишсин дедик”, – дейт Абдуллаев.

Ош шаарынын кеңешинин токтому менен депутаттар үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта кичи автобустарга болгон төлөм күндүзү 15 сомго, кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин 20 сомго көтөрүү чечмин кабыл алышты. Ал эми окуучулар үчүн жол кире көтөрүлгөн жок.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: