“Улуттар Биримдиги” элдик партиясы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен макул эмес. Бул тууралуу “Элдик Медиа” маалымат агенттигине аталган партиянын лидери Мелис Мырзакматов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо шайлоочулардын укуктарын одоно бузуу менен өттү.

Бир заматта эле шайлоонун жыйынтыктары өзгөрүп кетти. Бул шайлоочуларды сыйлабагандык, укугун бузгандык. Саат 20:46да БШКнын сайтынан добуш берүүнүн жыйынтыгын караганда, 47074 миң добуш алдык, бул 4,65 пайызды түздү. Ошол учурда 400гө жакын автоматташтырылган башкаруу системасы иштетилбей калган. БШКнын сайты иштебей калып, саат 21:20да гана иштей баштады. Ал арада добуш берүүнүн көрсөткүчү өзгөрдү – биздин добуш 29 387 добушка өзгөрдү, бул 2,47 пайызды түзөт. 17 687 добушубуз кайда? Бул бийликке эмне кереги бар эле?”- деп билдирди Мырзакматов өз сөзүндө.

Мындан тышкары Мырзакматов бийлик дүйнө таң кала турган таза шайлоо өткөрөбүз деп убада беришкенин, азыр дүйнө таң кала турган ыплас шайлоо өткөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо өттү. Добуш берүү саат 20:00дө токтотулгандан кийин алгачкы жыйынтыктар чыга баштаган кезде БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өтүп, бирок жалпы добуштар кошкондо 150% ашып кетип жаткан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 881