Түштүк-Сахалинск аймагында добуш берүү аягына чыкты

1 160

Орусиянын Түштүк-Сахалинск аймагында добуш берүү аягына чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, добуш берүүгө 203 адам катышкан. Анын ичинен эң көп 76 добуш «Бүтүн Кыргызстан» партиясына берилген. Тизменин уландысында «Ишеним» партиясы — 32 , «Ыйман-Нуру» — 16, «Ынтымак» партиясы -15,  «Ата-Журт Кыргызстан» — 14, «Альянс» — 11, «Эл үмүтү» — 11, «Улуттар Биримдиги» — 8, «Ата-Мекен» — 7, «Азаттык» — 3, «Багыт» — 1, «Кыргызстан жашылдар партиясы» — 1, Баарына каршы — 2 добуш берилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын сааты боюнча түнкү саат 03:00дө алгачкы шайлоо участогу Орусиянын Түштүк-Сахалинск аймагында ачылган. Чет өлкөдө жалпы 59 добуш берүү тилкеси ачылган.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо бул жолу жаңы система менен өтүп жатат. Анда 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан, 54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Шайлоо тартиби партиялык тизме үчүн преференциалдык система менен болуп, шайлоочулар партияны жана партиянын ичинен талапкерди тандай алышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь