Бүгүн, 29-ноябрда шайлоого нааразы болгон жарандар жана депутаттыкка талапкерлер БШК имаратынын жанына чогулушту.

Анда “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан Али Токтакунов шайлоонун жыйынтыгы болуп көрбөгөндөй ыплас чыкканын белгиледи.

“Шайлоонун жыйынтыгы болуп көрбөгөндөй ыплас чыкканын баарыбыз көрүп билип турабыз. Саат сегиз жарымдан өткөндөн кийин, БШКнын сайты иштебей калып, бир саат өткөн убакыттан кийин өзгөрүлгөн башка жыйынтыктарды берди. Ал эми иштеп аткан учурда биздин добуш (Ата-Мекен) 71 000 миңге чейин жеткен болчу, ал бузулуп кайра жыйынтыктарды көрө баштаганда добушубуз 41 000 миң болуп калды. Биз 30 000 миң добушубузду уурдалды деп эсептейбиз. Мындан тышкары мага эсептелди деген добуш 2700дөн ашык болчу, таңда болсо 2600гө түшүп калды. Бул нонсенс, анткени добуш өсүп гана турушу керек. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда булар компьютерге кирип алып эле, каалаган цифраларын коюп, өзгөртүп, аябай жоопкерчиликсиз мамиле кылып атышат. Ошол үчүн бул шайлоонун жыйынтьгын биз тааныйбайбыз”, -деп

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-ноябрда шайлоонун алдын ала жыйынтыгына макул эмес партиялар Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанына нааразычылык акциясына чыгышты.

“Улуттар Биримдиги” элдик партиясы, “Ата Мекен”, “Азаттык”, “Социал-демократтар”,  «Кыргызстандын Жашылдар партиясы», «Уулу Журт» партияларынын өкүлдөрү шайлоо таза эмес өттү деп эсептейт.

Талапкерлердин айрымдары шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын десе, кээ бири добуштардын уурдалганын айтышты. Нааразы тарап президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашып, шайлоонун жыйынтыгы бурмалангандыктан муну тыкыр көзөмөл астында кол менен саноого чакырды.

“БШКнын сервери жөн жерден иштебей калган жок” деген партиянын мүчөлөрү 10миңден 30 миңге чейинки шайлоочулардын добуштары жоголуп кетти деп нааразы.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 906