“Азаттык” партиясынан талапкер Бактыбек Калмаматов шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирди.

“Шайлоо толук түрдө бурмаланып, шайлоонун бир жактуу өткөнү айдан ачык көрүнүп турат. Саат 8:30 да чыккан жыйынтык боюнча  оппозициядагы партиялар көп өткөн. Ал эми тогуздан кийин бул партиялардын добуштары ылдый түшүп, 30-40 миңден добуштары жокко чыгып калды. Мындай болуусу мүмкүн эмес эле. БШК добуштарды болуп көрбөгөндөй бурмалады. Серверди оңдоп бийлик өзү каалагандай жыйынтык чыгарып алды.

Шайлоону өткөрүү БШКга жүктөлгөнү менен аны өкмөт көзөмөлгө алуусу керек.  УКМК хакердик чабуулду жокко чыгарып мамлекеттин коопсуздугун камсыздай албаганы чоң күмөн жаратууда”-деп белгиледи Калмаматов.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 740