Бүгүн, 1-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанына Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына макул эмес партиялардын мүчөлөрү чогулду.

“Улуттар Биримдиги” партиясынан ЖКга депутаттыка талапкер Турат Акимовдун пикиринде, кептин баары сервердин иштебей калышында, эмес бул жөн гана элди алаксытуу.

“Бир кумалак бир чанач майды бузат дейт, бузулган бир чанач майды беш жыл жегичекти андан көрө жаңы шайлоо өткөрсүн. Муну эл кылган жок, шайлоочу кылган жок, биз кылган жокпуз бардыгы мыйзам жолунда Садыр Нургожоевичтин указанын негизинде, парламенттин чечиминин негизинде БШК белгилеген күнү биз марофонго чыктык, күрөштүк бир ай чуркадык аягында ушинтип баары талаада калды. Шайлоосу таза болду, шайтандын моюну сынды дейт, мындан ары коомдук пикирди Садыр Нургожевчтин режими өзгөртө албайт. Бул шайлоонун кандай бүткөнүн эл көрүп турат. Серверди ким сындырды мааниси жок, бул жөн гана элди алаксытмай. Негизги маселе биздин бюллетендер 14 саат кайда жатты? “, – деп билдирди Турат Акимов өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, чогулгандардын арасында «Азаттык», «Ата-Мекен», «Кыргызстандын Жашылдар партиясы», «Социал-демократтар», «Улутар биримдиги», «Уулу Журт» партияларынын өкүлдөрү бар.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 954