Көз жоосун алат! Дүйнөдөгү эң кооз жаңы жылдык балатылар назарыңыздарда (Сүрөт)

861

Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү майрамга карата шаардын көчөлөрүн жана имараттарын жигердүү кооздоодо.

Жылдын өзгөчө бул майрамынын алдында дүйнө жүзү боюнча кооздолгон негизги балатыларга күбө болуңуз.

Бирок, коронавирустун кесепетинен бир катар өлкөлөр жана шаар бийликтери салттуу жаңы жылдык жарманкеден баш тартууга аргасыз болушкан. Бирок бул элдин майрамдык маанайын түшүргөн жок.

Париждеги Place Vendome аянтында бир эмес, эки балаты жандырылды.

Ал эми Барселонанын жылуу аба ырайында шаар тургундары кооздолгон көчөлөрдү кыдырып, коронавирустун чектөөлөрүн эске алар эмес.

Вильнюстагы башкы балаты абдан өзгөчө.

Жумушчулар Вестминстердеги парламент үйүнүн алдында жаңы жылдык балаты жасашты. Лондондун бул бөлүгүндөгү жашыл балатыны жүздөгөн метрлик чырактар ​​кооздоп турат.

Москвадагы Никольск мунарасынын көрүнүшү.

АКШнын Нантукет шаарында жайгашкан балаты.

Тайбэйдеги Taipei майрамдык балаты.

Ал эми Инсбрук аянтында боштук. Себеби Австриянын шаары жаңы жылдык жарманкелерди өткөрүүгө тыюу салган. Аянттагы жашыл балаты жалгыз калгандай…

Жаштар Бангкоктогу жаңы жылдык балатынын жанына чогулушту. Бул шаарда чындап кыш болбогону менен, майрамдын негизги атрибуту жаңы жылдын жакындап каланын кабар берип турат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь