Элдик кабар: Нарын шаарында көмүр алган киши жок

346

Нарын шаарында эл үйүн электр энергия менен жылытып, көмүр өтпөй жатат дейт жергиликтүү тургун. Анын айтымында, жашоочулардын басымдуу бөлүгү көмүр жакканга караганда үйдү электр энергия менен жылытууга өтүшкөн.

“Нарында бир тонна көмүрдүн баасы 4500 сом болсо, электр энергия менен үйдү жылытууга бир айда 3 миң сомдон жогору төлөп жатабыз. Биздин үй-бүлө үчүн көмүр жагып убарасын тартканга караганда, электр жылуулугун пайдаланган ыңгайлуу“,- дейт тоолуу аймактын тургуну.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда электр энергиянын тарифи айына 700 кВт саатка чейинки керектөө 1 кВт/саат үчүн 77 тыйынды түзөт. Ал эми 700 кВт/сааттан ашса, электр энергиянын баасы 2 сом 16 тыйын турат. Ошол эле учурда бийик тоолордо жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашаган тургундарга чектөө алынып салынган. Алар үчүн тариф 1 кВт саат үчүн 77 тыйын бойдон калат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь