Эй, казагым, бардык маселелерди сырткы күчтөрдү катыштырбай туруп чечкиле! – С.Кайыпов

1 351

Тарых илимдеринин доктору, профессор, КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сулайман Кайыпов коңшу мамлекеттеги кырдаалдан улам казак элине кайрылуу жазды. Профессор “бир тууган казак эли чоң оюнчулардын тузагына илингени турат” деген тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, Казакстан бардык маселелерди сырткы күчтөрдү катыштырбай туруп чечиши керек.

Эй, қазагым, бардык маселерди сырткы күчтөрдү катыштырбай туруп чечкиле! Бардык ички маселелерди сырткы күчтөрдү кийлигиштирбей, өзүңөр чечкиле, казактарым. Казактын өз маселесин өздөрү чечүүгө күчү да, эрки да, мүмкүнчүлүгү да жетет. Мен буга бөркүмдөй ишенем. Казак жерин жат бирөөнүн аягы тепсебесин! Эгемендикти сактап калуу үчүн эмне керек болсо, ошонун баарын жасагыла. Эй, казагым, эмоцияңды ооздукта, акыл-парасат үстөмдүк кылсын! Эң алды менен Казакстандын эгемендигинин тагдырын ойло. Калган маселелердин баары өзүнөн-өзү чечилет. Улуу лидер Мустафа Камаль Ататүрктүн мындай деп айтканы бар: “Söz konusu Vatansa, gerisi teferruatır!” Абдан мыкты айтылган! Мемлекеттин эгемендиги тууралуу сөз болуп жаткан жерде калган сөздүн баары – бир тыйынга турбаган майда-чүйдө. Кыргыз, казак – эгиз эл… Биз дайыма силер менен биргебиз! СИЛЕРДИН ТАГДЫРЫҢАР – БИЗДИН ДА ТАГДЫР экендигин терең түшүнөбүз. Бул жерде башка сөз кошуунун кажети жок! Бир гана нерсени билгим келет, жаңыдан көз жарган Түрк мамлекеттеринин уюму эмне дээр экен? Мен муну чыдамсыздык менен күтүп жатам. Ал барбы өзү? Бар болсо, эмне үчүн ушуга чейин өз позициясын билдире элек? Кызык… Кудайдан тилейм: ушул аккөңүл казактарыма, кымбаттуу, эң жакын туугандарыма ушул кыйын күндөрдө жардам кыл, Алла таалам. Дайыма казактар бар болсун, Казакстан бар болсун! Оомиин!”,- деп жазылат Сулайман Кайыповдун билдирүүсүндө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь