Матраимовдор Африкалыктарга суу чыгарып берип кубанткан видео жарыяланды (Видео)

485

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Африкада жашаган кара терилүү адамдарга кудук казып берип, таза суу менен камсыздаганы кабарланды. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Нургазы Мусаев билдирип, видео менен бөлүштү.

Тасмада тургундар колдоруна Матраимовго ыраазычылык билдирген плакат көтөрүп турганын жана кичинекей балдар таза суудан ичип сүйүнүп жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, 2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери бажыдагы миллиондогон каражаттарды кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь