Алматыда аскерлер чыгарыла баштады (Видео, сүрөт)

386

Алматыда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу күчтөрүн чыгаруу иштери башталды деп билдирет Tengrinews.kz. Советтер Союзунун Баатыры, армиянын генералы Сагадат Нурмагамбетов атындагы Кургактагы аскерлердин Аскердик институтунун парад аянтчасында өтүп жаткан тынчтыкты сактоо контингентин узатууга ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась, Казакстандын коргоо министринин орун басары, генерал-майор Мухамеджан Таласов, Алматы шаарынын мэри Бакытжан Сагинтаев катышууда.

ЖККУ бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстандан Казакстандын Алматы шаарына барган жоокерлер 14-январда кайтып келет. Казакстандын президенти Касым-Жомарт 11-январда ЖККУнун алкагында келген жоокерлери эки күндөн кийин кете баштарын, бул жараян жалпысынан 10 күнгө созуларын билдирген. Ал чет өлкөлүк аскерлердин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь