Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага суракка кирди

172

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 14-январда эртең менен Башкы прокуратурага суракка кирди. Башкы көзөмөлдөөчү орган бул маалыматты бышыктады, бирок кайсы маселеге байланыштуу сурак берип жатканы тууралуу азырынча комментарий берген жок.

Айрым бир тактала элек малыматтарга караганда, Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу чакырылды. Ал документке ылайык, кыргыз тарап Тажикстанда 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алган.

Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь