Бишкекте унаанын ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды

376

Бишкекте BMW Х6 унаасынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБине шаар ичинде токтоп турган унаанын ичинде болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз жигиттин жансыз денеси жатат деген маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, ал жерден күч колдонуу менен өлүмдүн тышкы белгилери жок белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Ал 1993-жылы туулган К.С. болуп чыкты.

Бул факты Бишкек Свердлов РИИБине катталып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь